АСО

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
00:36, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
Япониядагы эӊ ири аракеттеги жанар тоо; Кюсю а-нын борбор бөлүгүндө жайгашкан. Бийикт. 1592 м. Ири кальдерасында (25х18 км) ондон ашык жанартоо конусу бар. Атылуусу стромболи тибине кирет. 553-жылдан атылган дыгы аныкталган. 2004-ж. андан күл ж-а газ бүркүлүп чыккан. Кальдерасында калктуу пункттар, а. ч. жерлери бар. Жанар тоонун чегинде Япониядагы эӊ ири ысык булактар бар. Туризм өнүккөн; Асо улуттук паркы уюшулган.