АСАНБАЕВ Мамбет

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:12, 21 Июль (Теке) 2023 карата Lera (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АСАНБАЕВ Мамбет (1939-жылы туулган, Чүй облусу, Coкулук району, Жал айылы) – артист, Кыргыз Республикасынын эл артисти (1995). А. Н. Островский атындагы Ташкент театр искусство институтун бүткөн (1964). Чыгармачылык жолу «Кыргызфильм» киностудиясында башталган. 1964-жылдан Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрында эмгектенүүдө. Аткарган негизги ролдору: Масадык («Абийир кечирбейт», Т. Абдумомунов), Эдмунд («Король Лир», У. Шекспир), Аман («Каркыралар кайтканда», Т. Абдумомунов), Александр («Үй-бүлө», И. Попов), Typap («Алтын аяк», Б. Жакиев), Ромео («Ромео жана Джульетта», У. Шекспир), Дубана («Ак боз ат», Ш.Садыбакасов), Дзержинский

АСАНБАЕВ 72.png


(«Кремль куранттары», Н. Погодин), Синтаро («Аялдын өмүрү», М. Kaoру), Айылчиев («Тагдырдын өгөй балдары», Б. Өмүралиев), Кыргылчал («Манастын уулу Ceметей», Ж. Садыков), Осмонбек болуш («Токтогул», Т. Касымбеков) жана башкалар. Кинолорго да тартылган, мисалы, Жоро («Жоро», режиссёру А. С. Бергункер).