АБАСОВ Руслан Акылбекович

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АБАСОВ Руслан Акылбекович (5. 11. 1976, Чүй облусу, Токмок шаары– 27. 03. 2014, ошол эле жер) – бокс б-ча эл аралык класстагы спорт чебери. Дүйнөгө таанымал спортчу. Кыргыз Республикасынын кикбоксинг боюнча эмгек сиңирген спортчусу. Бокс боюнча Кыргызстандын 1995-жылкы чемпиону; Кыргыз Респ-убликасынан 2002-жылкы спартакиадасынын жана

АБАСОВ15.png

эл аралык турнирлердин жеңүүчүсү; 2002-ж. Пусанда (Корея Республикасы) өткөн Азия оюндарынын катышуучусу; Гуанчжоудагы (Кытай) Азия чемпионатынын (2004), ушу-саньда боюнча дүйнөлүк чемпионатынын (1996) күмүш медалынын ээси; Евразия жана эл аралык турнирлердин жеңүүчүсү. 1996-жылдан «Гермес-Профи спорт клубунда» (А. Войнов жетектеген) кикбоксинг боюнча машыга баштаган. Алгач оор салмак боюнча (91 кгдан жогору) Кыргыз Республикасынын (1998, 2000, 2001), Европанын (2003), Азиянын (2000), Евразиянын жана дүйнөнүн 2 жолку (1999, 2003), о. эле дүйнөнүн (2002) жана интерконтинент кубокторунун 2 жолку (2004, 2005) чемпиону, Кыргыз Респ-нын Президентинин кубогунун жана эл аралык беттешүүлөрдүн (Кыргызстан – Россия, Кыргызстан – Италия, Кыргызстан – Франция, Кыргызстан – Ливан ж. б.), эл аралык турнирлердин жеңүү чүсү. Абасов 2003-ж. «Жылдын мыкты спортчусу» аталган. Б.Үсөнканов.