АДАМБЕКОВ Догдурбек

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АДАМБЕКОВ Доктурбек (1955-ж. т., Чүй обл., Кант р-ну, Карагоо кыш.) ‒ иммунолог, медицина илимд. доктору (1992), проф. (1993), КР УИАнын корр. мүчөсү (2006). КРдин илимге эмг. сиӊ. ишмери (1988). КММИни бүтүргөн (1977), ошол эле ин-ттун аспиранты, доценти, кафедра башчысы, 2004-06-жылдары КММАнын ректору.Кыргыз ССРинин Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты (1985).Россия медицина-техн. академиясынын академиги (1999). Ил. иштери иммунология жана микробиологияга арналган. А. 130 ил. эмг., а.и. 3 монография, 10 окуу китеби жана окуу куралы, 10 ойлоп табуунун, 5 РФ патентинин автору. Эмг.: Иммунология бактериальных инфекций. Бишкек, 1995, в 2-х томах.