АЛЫБАЕВ Жолболду Парпиевич

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:13, 14 Июль (Теке) 2023 карата Lera (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛЫБАЕВ Жолболду Парпиевич (1947-жылы туулган, Ош облусу, Өзгөн району, Зергер айылы) – обончу, ырчы, акын, дастанчы. Кыргыз Республикасынын эл артисти (2003). Ош педагогикалык институтунун музыка факультетин бүтүргөн (1965). 2002-жылдан Ош Мамлекеттик Университетинин доценти. 50дөн ашык обондордун автору. Аккордеондун, комуздун коштоосунда «Туулган жерге», «Дилбар ай»,

АЛЫБАЕВ 1 12.png

«Кыздар», «Өзбек кызына», «Кош алма», «Чолпонум», «Арман», «Рыспайга кат», Жеңижоктун «Көк сулуу», «Балам жок», Барпынын «Мырзайым», «Буракжан», «Жарга жыгылса суу», Корголдун «Сен, сен дүйнө», Молдо Нияздын «Даткайым», Нурмолдонун «Өмүр», элдик «Акжамал» жана башка ыр, дастандарды аткарган. Калыгулдун «Тар заманын» ырчылардын ичинен алгачкылардан болуп калк алдына ырдап чыккан. «Гүлазык», «Чолпонум» аттуу ырлар жыйнактары жарык көргөн. Бир нече медалдар менен сыйланган.