АЛИМЖАНОВ Ануар Турлыбек уулу

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:36, 14 Июль (Теке) 2023 карата Lera (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛИМЖАНОВ Ануар Турлыбек улы (12. 5. 1930-жыл, Алматы облусу, Сарканд району, Карлыгаш айылы ‒ 9. 11. 1993-жыл, Алматы шаары) ‒ казак жазуучусу. Казак мамлекеттик университетин бүтүргөн (1954). Орус тилинде жазган. «Алма-Атинская правда», «Литературная газета» (Россия), «Ленинская смена», «Правда» (Россия) гезиттеринде иштеген. «Казакфильм» студиясынын, «Казак адабияты» гезитинин башкы редактору, Казакстан Жазуучулар Союзунун 1-секретары, Казакстан тарых жана маданият эстеликтерин коргоо боюнча борбордук кеӊештин төрагасы болгон. Алгачкы аӊгеме, очерк, публицистикалык макалалары 1952-жылы жарык көргөн. А.Алимжанов ‒ «Ак дос, сары дос, кара дос» (1958), «Достор жолугушканда» (1958), «Суу менен, кургак менен элүү миӊ миль» (1962), «Күнгө бет алган кербен» (1962), «Көгүлтүр тоолор» (1964, 1967), «Жалындаган найза» (1965) жана башка учурдагы проблемалар жөнүндөгү китептердин автору. Ага «Күнгө бет алган кербен», «Көгүлтүр тоолор» аттуу китептери үчүн Казак ССР мамлекеттик сыйлыгы (1965, 1967), «Отрар сувенири» повести, Индия жөнүндөгү чыгармалары үчүн Джавахарлал Неру атындагы сыйлыгы (1969) берилген. Ал өмүрүнүн акыркы жылдары «Махамбеттин жебеси» (1969), «Чабарман» (1974), «Мугалимдин кайтып келүүсү» (1979), «Эл жолу» (1984) аттуу тарыхый романдарын жазган. А. Алимжановдун чыгармалары Азия, Африка, Европа элдеринин тилдерине которулган.