АКРАМОВА Наринэ Шавкатовна
АКРАМОВА Наринэ Шавкатовна (1942‑жылы туулган, Бишкек (мурунку Фрунзе) шаары) – опера ырчысы (меццо‑сопрано), Кыргыз Республикасынын эл артисти (1993). М. Күрөңкөев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык-хореографиялык окуу жайын бүтүргөн, кийин Өзбекстандын Ташкент мамлекеттик консерваториясында окуган. Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрынын солисти. 35 жылдын ичинде Дж. Бизенин «Кармен» операсынан Кармендин, «Дон Карлостон» Эболинин, П. Чайковскийдин «Евгений Онегининен» Ольганын, «Карганын маткесинен» Полина менен Графинянын, «Черевичкиден» Солоханын, А. Бородиндин «Князь Игорунан» Кончакованын, В.Власов, А. Малдыбаев, В. Ференин «Айчүрөгүнөн» Чачыкейдин, М. Раухвергердин «Көкүлүнөн» Бурманын, А. Петровдун «Пётр 1нен» Екатеринанын жана башка партияларды аткарган. Көз карандысыз мамлекеттер шериктештиги өлкөлөрүнүн борбор шаарларында, Тунисте, Полыпада, Венгрияда гастролдо болгон.