АБЖАЛИЕВ Пазыл

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АБЖАЛИЕВ Пазыл (1909, Ош обл., Ноокат р-ну, Караван кыш. – 2002, ошол эле жерде) – тамеки өстүрүүчү, Соц. Эмг. Баатыры (1950). Эмгек жолун 1930-ж. Кызыл-Кыя кен башкармасында шахтёр болуп иштөөдөн баштаган. 1033-43-ж. Ноокат р-нундагы «Караван» колхозунун тамеки өстүрүү бригадасынын бригадири. 1943-46-ж.

АБЖАЛИЕВ51.png

Улуу Ата Мекендик согушка катышкан. 1946-70-ж. ошол эле колхоздо тамеки өстүрүүчү звенонун башчысы. 3,1 га жердеги тамекинин ар гасынан 19,1 цден түшүм алган. Ленин ордени жана медалдар менен сыйланган.