АЙДАРААЛЫ Бейшүкүр уулу

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:27, 12 Июль (Теке) 2023 карата Lera (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЙДАРААЛЫ Бейшүкүр уулу (лакап аты Айда­раалы Жөргөлөк; 1851, азыркы Талас облусу, Кара-­Буура району, Кызыл‑Адыр айылы – 1934, ошол эле жерде) – комузчу, куудул, ырчы. Айдараалынын ко­музга, ырга шыктуулугу, куудулдугу бала ча­гында эле көрүнгөн. «Курманбек», «Кожожаш» өңдүү кенже эпосторду айтып, өзү да сатиралык мүнөздөгү ырларды чыгарган. Кыякчы, чоорчу да болгон. Ал калк арасына комузчулук өнөр менен таанылган. Элге кеңири белгилүү чыгарма­лары: «Ак кочкор каңкы», «Канышбек», «Сары барпы», «Иле менен Каратал», «Дубананын жар салганы», «Ак токту», «Сурнай күү» жана башка. Ал ар бир күүнү ыр менен коштоп, күүсүнүн ыргагына жараша кебете‑кешпирин кубултуп, топусун төбөсүндө ойнотуп, ордунда жөрмөлөп, кол ой­нотуп аткарган. Ошондуктан эл аны Айдараа­лы Жөргөлөк атка кондурган. «Дүнүйө», «Сен», «Сен дүнүйө», «Кол ойнотмо», «Айдараалынын алты кайырмасы» сыяктуу күүлөрдү чыгарган. Анын «Көйрөң күүсү» – комузчулар ансамбли­нин репертуарындагы негизги номерлерден.
Ад.: Алагушов Б. Кыргыз комузчулары жана комуз күүлөрү. Ф., 1961.