«АРПА»

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

"АРПА"– ачык акционердик коом. 1992-жылы Бишкек пиво заводунун базасында түзүлгөн. Завод 1906-жылы соодагер Иванов Н. И. тарабынан негизделген. 1908-жылы продукция (пиво) чыгарып баштаган. Пивонун өндүрүлгөн көлөмү жылына 19 миң декалитрди түзгөн, жумушчулардын саны 18 адам болгон. Механизациялаштырылган процесстердин жоктугунан завод аттын күчү менен иштеген. 1922-жылы көлөмү 6 см3 болгон кыймылдаткыч орнотулат. 1926-жылы аны локомобилге алмаштырат. 1932-жылы продукция өндүрүү 446 миң декалитрге жеткен. Ал уюшулгандан бери модернизацияланып, негизги технологиялык тетиктери алмаштырылып келе жатат. Бул киргизилген жаңылыктар продукциянын сапатын жогорулатып, анын сакталуу мөөнөтү узарды. Учурда AAK тарабынан жергиликтүү сорттордон пивонун бир нече түрү чыгарылууда.