«АЛТАН ТОБЧИ»

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

«АЛТАН ТОБЧИ» (Алтын топчу) – о. кылымдарга таандык монгол тилиндеги кол жазма. Кол жазманын толук аталышы – «Хандардын теги тууралуу алтын санжыра». Монголдордун үч ири тарыхый чыгармаларынын бири («Асыл санжыра», «Монголдордун купуя тарыхы»). «Алтан тобчинин» эки нускасы бар. Аларды бири-биринен айырмалоо үчүн «Улуу алтан тобчи», «Кичи алтан тобчи» деп шарттуу түрдө аташат. Чыгарманын алгачкы нускасынын автору белгисиз. Ал болжол менен 17-кылымдын башында жазылган. Монголдорго будда дини таралгандан кийин жазылгандыктан, негизинен диний мүнөздөгү чыгарма. Анда Будда дининин дүйнөдө пайда болушу жана адам баласынын жаралышы тууралуу мифтик баяндар, ошондой эле Индия, Тибеттин алгачкы башкаруучулары тууралуу уламыштар менен катар монголдордун тарыхы да берилген. Чыгармадагы Чынгыз хан, Үгөдөй, Хубилайдан тартып, Линданханга чейинки 270 жыл ичиндеги окуяларды баяндаган бөлүгү тарых илими үчүн өзгөчө баалуу. «Алтан тобчинин» экинчи нускасы монгол ламасы Лубсан Данзан тарабынан 1240-ж. жазылган «Монголдордун купуя тарыхындагы» чыгармада енисейлик кыргыздар, ойроттор, кыпчактар жөнүндө да маалыматтар кездешет.