«АКЫЛ КАРАЧАЧ»

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

«АКЫЛ КАРАЧАЧ» ‒ фольклордук каарман. Акыл карачач уламыш боюнча Жаныбек хандын доорунда жашаган Жээренче чечендин келини. Ошондуктан көпчүлүк окуяларда экөөнүн ысымы катар жүрөт. Акыл карачач даанышман, кара кылды как жарган калыс, акылдуу жана сөзмөр делип сүрөттөлөт. Ал Жээренче чеченди ырайымсыз хандын каарынан айла-амалы, акылы менен кутултат. Акылга сергек, сөзгө чебер Акыл карачач алакөөдөн, акылсыз ханды сөзгө жыгып, өз эркиндигин да коргоп калат. Акыл карачачтын образы элдин таза, нукура көз карашын, келечек идеалын чагылдыргандыгы менен баалуу.