«АГЫМ» гезити

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

«АГЫМ» ‒ менчик гезит. 2001-жылы негизделген. «Агым» гезити өзүнүн ээлеген орду, саясий багыты, сын көз караштагы мамилеси менен башка гезиттерден айырмаланган. Өлкөдөгү коомдук-саясий, экономикалык, социалдык жана эл аралык абал жана башка чиелүү маселелер эркин маанайда чагылдырылган. 2005-жылдары гезиттин нускасы 16 миӊге чейин жеткен. Гезиттин негиздөөчүсү жана биринчи башкы редактору ‒ белгилүү журналист, коомдук ишмер М. Эшимканов болгон.