АВТОТЕСКӨӨР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:37, 13 Январь (Үчтүн айы) 2022 карата v1e2_72-116>Kadyrm тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
,  а в т о д и с п е т ч е р (авто... ж-а англ. dispatcher ‒ тескөөр, жөндөгүч) ‒ тескөөрдүн (диспетчердин) ишин жарым-жартылай же толук бойдон автоматтык түрдө аткаруучу түзүлмө. А-гө башкаруучу эсептөө машинасы, оператор ж-а автоматташтырылган жумушчу орун, машина м-н операторду байланыштыруучу

байланыш каражаты, объекттердеги аткаруучу ж-а көзөмөлдөө органдары таандык. Ал башкарылуучу процесстин жүрүшү ж-дөгү маалыматты чогултат; эсептөө ж-а логикалык операцияларды жүргүзөт; өндүрүштү башкаруунун ыӊгайлуу багытын иштеп чыгат; кабыл алынган чечимдерди иш жүзүнө ашыруучу башкаруу таасирин же команда берет. Аны м-н башкаруунун эки баскычы бар: т ө м ө н к ү с ү ‒ башкаруучу эсептегич машина (БЭМ) ыкчам план түзүүчү «кеӊеш берүү» режими (бирок аны тескөөр аткарат); ж о г о р к у с у ‒ тескери байланышы бар БЭМ жалаӊ гана план түзбөстөн, аны текшерүүчү автоматтык режимди иш жүзүнө ашырат. Ал суу электр станцияларында, транспортто, ыкчам байланыш учурунда, автомат таштыруунун ар кандай даражаларын камсыз кылуу м-н технол. процесстерде башкарууда колдонулат.