АВТОРДУК УКУК

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:37, 13 Январь (Үчтүн айы) 2022 карата v1e2_72-116>Kadyrm тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
‒ адабият, илим, искусство чыгармаларын жаратууга ж-а пайдаланууга байланыштуу укуктук мамилелерди жөнгө салуучу жарандык укуктун бөлүгү; интеллектуалдык менчик укугунун же жеке укуктун бир түрү. А. у. чыгарманын авторунун укуктарын [чыгарманы жаратуу, аны пайдалануу, кайталап колдонууга (кайрадан басып чыгаруу)] жол берген жекече мүлктүк ж-а мүлктүк эмес мамилелерди жөнгө салат.

Жекече мүлктүк эмес А. у-ка (автордун, авторлоштордун) автордук наамга укугу, чыгарманын кол тийгистигине болгон укук кирет. Автор чыгармасын өз аты, псевдоним м-н же атын көрсөтпөй чыгарууга укуктуу. Анын макулдугусуз чыгармага кошумча-алымча киргизүүгө, өзгөртүүгө, иллюстрация, кириш сөз ж-а комментарий м-н толуктоого жол берилбейт. Мыйзамда көрсөтүлгөн тартипке ылайык, автор чыгармасын алгач жарыялатуу маселесин чечүүгө катышууга ж-а автордук келишим түзүү м-н чыгарманын пайдаланылышын тескөөгө, о. эле чыгарманы башка тилдерге котортууга, башка түрдөгү чыгармага айландырууга (мис., романды пьесага же сценарийге), кайра иштеп чыгууга укуктуу. А. у. анын авторуна өмүр бою таандык. Көзү өткөн автордун А. у-гу мыйзамда белгиленген тартипте 50 жылдык мөөнөткө автордун мурасчыларына өтөт. Мөөнөтү бүткөн соӊ, чыгарма мамлекеттин энчиси деп жарыяланып, А. у. мамлекетке өтөт. Мүлктүк А. у-ка ‒ чыгарманы кайрадан чыгарууга, жарыялоого ж-а сатууга, мазмунуна ж-а формасына ж. б. болгон укуктар кирет. А. у. эл аралык деӊгээлде таанылган коргоо белгисине ээ ж-а ал үч элементтен: С белгиси; автордук укукка ээ болгон адамдын аты-жөнү же чыгарманын аталышы; чыгарманын биринчи жолу жарыяланган жылынан турат. А. у. корголгон чыгармаларды кайра чыгаруу, пайдалануу атайын келишимдерге ылайык жүргүзүлөт. Ар бир чыгарылган ж-а сатылган нуска үчүн автордук калем акы төлөнөт. А. у. адабий уурулуктан (плагиаттан) ж-а «адабий карактоочулуктан» (пиратчылыктан) коргойт. Кинофильмдер ж-а телеберүүлөр үчүн калем акы алардын түзүүчүлөрүнө, дистрибьютер-компанияларга ар бир көрсөтүлүшү, ал эми музыкант, композиторлорго ар бир уктурулушу үчүн төлөнөт. Көпчүлүк өлкөлөрдө компьютердик программалар адабий эмгектер сыяктуу эле коргоого алынган. Ал эми сүрөттөрдүн көчүрмөлөрүн айрым учурда ил. иштерге пайдаланууга уруксат берилет. Автордун ж-а анын укук мураскерлеринин бузулган А. у-тарын калыбына келтирүү, чыгарманы жарыялоого тыюу салуу же аны таратууну токтотуу, укукту калыбына келтирүү доосу б-ча сот тартибинде чечилет. КРдин Өкмөтүнө караштуу Илим ж-а интеллект менчиги б-ча мамагентчилиги (Кыргызпатент) авторлорго зарыл укуктук көмөк көрсөтөт. А. у. ж-дөгү мыйзамдар 15-к-да И. Гутенбергдин басма станогун ойлоп табуусунан кийин калыптана баштаган, бирок алгач мындай мыйзамдар китеп басып чыгаруучулардын гана кызыкчылыгын коргогон. Китеп басып чыгаруу ж-а сатуунун өнүгүүсү, авторлордун да өз кызыкчылыгын коргоосун камсыз кылууга алып келген. Бул чөйрөдөгү алгачкы мыйзам ‒ королева Аннанын Статусу (1710, Улуу Британия) эсептелет. 18‒19-к-да европ. мамлекеттер дин көпчүлүгү А. у. ж-дөгү мыйзамдарды иштеп чыгып, кабыл алышкан. 19-к-дын 1-жарымын да көптөгөн өлкөлөр А. у. коргоо б-ча өз ара эки тараптуу макулдашууларды түзүшкөн. 1886-ж. «Адабий жана көркөм чыгармаларды коргоо жөнүндөгү Берн конвенциясынын» түзүлүшү м-н авторлордун укуктарын коргоонун эл аралык системасы калыптана баштаган. 1952-ж. «Автордук укук жөнүндөгү Дүйнөлүк (Женева) конвенцияга» кол коюлуп, аталган конвенция А. у-тун эл аралык корголушунун принципте рин ж-а эрежелерин тактаган. А. у. чөйрөсүндө бир нече эларалык уюмдар, а. и. Интеллекту алдык менчиктин дүйнөлүк уюму (ИМДУ) ж-а ЮНЕСКО иш жүргүзүшөт. Ч. Арабаев.