БАЙТ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
05:50, 27 Февраль (Бирдин айы) 2023 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
(Byte-Байт) деп сегиз биттен турган экилик цифралар тобу айтылат ал тамганы, цифраны же символду компьютерде көрсөтүүдө колдонулат. Бит өз алдынча көп сандагы берилиштерди көрсөтө албайт, бирок сегиз биттен турган топ аркылуу ар башка 256 комбинацияны түзүүгө болот. Мындай комбинациялар аркылуу компьютерде колдонулган ар бир тамга (белги-символ), атап айтканда, ариптер (төмөнкү жана жогорку регистрде), цифралар (0 дөн 9 га чейин) жана башка атайын символдор көрсөтүлөт.


БАЙТ.jpg