АВТОБИОГРАФИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:37, 13 Январь (Үчтүн айы) 2022 карата v1e2_72-116>Kadyrm тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
 (авто…, био... ж-а ...графия ) ‒ 1) өз өмүрүндөгү негизги окуяларды кыскача документалдуу баяндоо; 2) кара сөз м-н жазылган, мемуарга ыктаган адабий жанр. Мемуардан айырмасы: мында автор жеке өзүнүн башынан өткөргөндөрү, ой-сезимдери, көз караштары тууралуу кеӊирирээк сөз кылат. А. ‒ дүйнөлүк ад-ттагы байыркы жанр. Көркөм А-га Ж. Ж. Руссо ж-а А. И. Герцен негиз салган. Дүйнөлүк классиктердин айрым чыгармалары да автобиографиялык мүнөздө. Кыргыз ад-тында М. Элебаевдин «Узак жолу», А. Токомбаевдин «Автобиографиялык фрагменттери», А. Осмоновдун «Жазуучулук баяным» аттуу чыгармалары мисал. Адамдын өз таржымалын кыскача баяндап жазышы да А. деп аталат.