USENET

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
05:50, 27 Февраль (Бирдин айы) 2023 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
жаңы топ (группа) (newsgroup) деп аталып, ага Интернет аркылуу кайрылууга боло турган жаңылыктар системи жана талкуулоо тобу кирет. Учурда маалыматтар тактасы айрым темаларга арналган миңдеген жаңы топторго бөлүштүрүүдө newsreader деп аталаган програм колдонулат. Ал алдын ала киргизилген кабарды, макала атын окуу жана өзүңүздүн макалаңызды кошуу үчүн newsgroup програмына кайрылууну уюштурат. Эмне макалалар бар жана кайсынысы окула элегин Newsreader текшерип турат. Окуган макалага карата ойлорду “жиберүү тизмеси” деген файлга жиберсе болот. Басылма каражаттарга караганда жиберүү тизмесинин артыкчылыгы дискуссиянын жандуу өткөрүлүшүндө. Себеби, суроо талаптарды телеконференс же жиберүү тизмесине жиберип пикирлеш адамдар менен бул же тигил проблем боюнча ойлорду бөлүшсө жана да керектүү баарлашууну уюштурса болот.


USENET.jpg