АВТООҢДОО

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
05:47, 27 Февраль (Бирдин айы) 2023 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
(Autocorrect-Автоправка). Автооңдоонун жардамы менен киргизилген сөздөрдүн жалпы орфографиялык каталары автоматтык түрдө оңдолот. Мисалы, англис тилинде текст терилип жаткан учурда кокустан teh сөзү терилип кетсе тексттик процессор автоматтык түрдө аны the сөзүнө алмаштырып коөт. Чекиттен кийин турган сөздүн баш тамгасы кичине тамга менен жазылса, аны чоңгң которуп коет. Автооңдоо баш тамга менен жазылган тексттердин катасын дагы текшере алат. Кокустан сөздүн ортосуна баш тамга терилип калса аны кичине тамгага алмаштырып коет, сүйлөмдүн башында эки баш тамга удаа жазылып калса башкы тамгасын ошол бойдон калтырып, кийинкисин кичине тамгага алмаштырат. Автотекшерүү айрым CD, PC жана MHz сыяктуу көп кездешкен кыскартууларды алмаштырбайт.


АВТООҢДОО.jpg