SSL
09:29, 27 Февраль (Бирдин айы) 2023 карата MMEE_Comp>KadyrM тарабынан жасалган версия
(Secure Socket Layer). Клиент менен сервер ортосунда берилиштерди шифрлеп жиберүү протоколу. SSL протоколу жиберилүүчү маалыматтарды шифрлөөнү камсыз кылган берилиштерди алмаштыруучу протокол. Интернеттеги электрондук транзактарды коргоонун кеңири таралган методу. SSL протоколу– ачык ачкычтуу криптографка негизделген стандарт. Ал TCP/IP тармагында шифрлөө жана сервер менен клиенттерди аутентификтөө эсебинде колдонмо протоколдору боюнча жиберилүүчү берилиштерди коргоону камсыз кылат.
