Тармактык Энциклопедия:MACINTOSH
09:29, 27 Февраль (Бирдин айы) 2023 карата MMEE_Comp>KadyrM тарабынан жасалган версия
(Maкинтош). Көп маселелүү режимдүү Macintosh Apple иштетүү системи колдонуучунун графиктик интерфейсин уюштурган алгачкы коммерстик систем болгон. Ал 1984жылы Macintosh компьютерлери үчүн иштелип чыккан, аны пайдалануу жеңил жана башка колдонуучунун графиктик интерфейсин уюштурган көпчүлүк системдер үчүн модель болгон. Жакынкы убакытка чейин Macintosh иштетүү системи Apple чыгарган компьютерлерде гана иштетилген. Азыркы учурда компьютердин башка өндүрүүчүлөрүнө дагы иштетүү системи сатылды. MacOS деп аталган иштетүү системинин акыркы версиясынын айырмаланган элементтери тармак менен иштегенди, ичине орнотулган колдоону, электрондук почтону жана кеңири кадамдуу аныктагыч (жардам – Help) системин камтыйт.