Тармактык Энциклопедия:ETHERNET ТАРМАГЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
05:46, 27 Февраль (Бирдин айы) 2023 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

. Жарышып жетүүчү тармак үчүн IEEE 802.3 стандарты. Ethernet тармагы жолчо (шина) же жылдызча тоположисин колдойт жана CSMA/DC (Carrier Sense Multiple Access with Collision Detection) жетүүнү башкаруу методун байланыш линиялар боюнча трафикти уюштурууда колдонулат. Тармак түйүндөрү коаксиалдуу же була-оптик кабелдер аркылуу байланыш түзүлүүгө тийиш. Берилиштер өлчөмү өзгөрмөлүү болгон кадрлар түрүндө жиберилет, алар башкаруучу жана даректик маалыматты, ошондой эле 1500 байтка чейинки берилиштерди камтууга жөндөмдүү. Ethernet стандарты жогорку жыштыктагы модулациасыз берилиштерди секундуна 10 мегабит (10 миллион бит) ылдамдыкта жиберүүнү камсыз кылат.


ETHERNET ТАРМАГЫ.jpg