Тармактык Энциклопедия:CD-ROM ТЕЙЛЕГИЧИ
Jump to navigation
Jump to search
. CD-ROM оптик эсти алып жүрөт жана 650 МБ өлчөмүндөгү берилиштерди сактай алат. Көлөмү чоң болгондуктан көп сандагы график, аудио- жана видео файлдарын камтыган мультимедиа колдонмолорун сактоочу жана таратуучу мыкты каражат катары кеңири таралган. CD-ROM тейлегичтери азыркы учурда компьютердик системдердин стандарттуу жабдууларына кирет. CD-ROM тейлегичинин ылдамдыгы бул системдин өзгөчөлүк белгиси болуп саналат. Ылдамдыгы канча жогору болгон CD-ROM тейлегичтери видеону ошончо жакшы көрсөтөт. CD-ROM тейлегичтеринин жай кыймылдагандары төмөнкү сапаттагы видео сигналдарды чыгарат.