АВТОМАТТАШТЫРУУНУН ТЕХНИКАЛЫК КАРАЖАТТАРЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:37, 13 Январь (Үчтүн айы) 2022 карата v1e2_72-116>Kadyrm тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 ‒ технол. процесстин параметр леринин өзгөрүшү ж-дө текшерүүчү маалымат ты алуу, берүү, өзгөртүү, сактоо, аны программалык маалымат м-н салыштыруу ж-а буйрук маалыматын түзүү, буйрук маалыматын берүү ж-а технол. процесске таасир берүү үчүн аны колдонуу иштерин аткаруучу жабдыктар ж-а түзүлмөлөр. Маалымат кандайдыр физ. чоӊдук параметр сигналы м-н шарттуу байланышта болгондо гана бул иштер аткарылат. Автоматтык башкаруу системасы үчүн сигнал катары энергетикалык (электр энергиясы, кысылган газдын же суюктуктун энергиясы, мех. энергия) параметр алынат. Сигналдар үзгүлтүксүз (чыӊалуу, ток, жыштык, фаза, басым, момент, ылдамдык, сызыктуу жылыш) ж-а импульс түрүндө (чыӊалуунун же токтун амплитудасы, импульстун узактыгы, импульстун жыштыгы) болот. Маалымат алууда, берүүдө, өзгөртүүдө, салыштыруу да, колдонууда сигналдар м-н бир нече операцияны жүргүзүүгө туура келет. Операциялар автоматтык аппараттардын элементтери м-н аткарылат. Элемент ‒ сигнал м-н белгилүү операцияны аткаруучу жөнөкөй уяча. Кээде сигналдар м-н бир нече операцияны жүргүзүүгө жөндөмдүү айкалышкан элементтер жасалат. Бир нече элементтин схемалык же схема-конструк циялык биригиши автоматтык түзүлмөнү берет. Операцияларды текшерүү, башкаруу же технол. процесстин параметрлерин жөнгө салуу үчүн, ав

томаттык түзүлмөлөр система түрүндө бирикти рилет. Автоматтык түзүлмөлөр системасынын негизги түрлөрү булар: 1) текшерүүнүн автомат тык системасы; 2) башкаруунун автоматтык системасы; 3) текшерүү маалыматын алуучу, аны иштетүүчү ж-а программа м-н салыштырып технол. процесске таасир берүүчү командалык маалыматты түзүүчү түзүлмөлөрү бар автоматтык жөндөө системасы; 4) текшерүүнүн телемех. системасы; 5) текшерүүнүн ж-а башкаруунун телеавтоматтык системасы; 6) жөндөөнүн телеавто маттык системасы; 7) башкаруунун телемех. системасы. Текшерүүчү маалымытты берүүчү каражаттар билдиргичтен алынган сигналды өткөрүүчү байланыш зым кермесинен (линиясынан), сигналдарды берүүгө ылайыктуу формага келтирүүчү өзгөрткүчтөрдөн турат. Маалыматты иштетүүчү ж-а буйрук сигналдарын пайда кылуучу каражаттарга текшерилүүчү параметр лерди көрсөтүүчү, каттоочу, сигналдардын формасын өзгөртүүчү ж. б. түзүлмөлөр кирет. Көп учурда ар түрдүү сигналдарды чогуу колдонуучу айкалыштырылган системаларды түзүүгө туура келет. Ад.: Гличев А. В. Экономическая эффективность технических систем. М., 1971; эффективность внедрения ЭВМ на предприятии. М., 1981; Методы анализа и синтеза структур управляющих систем. М., 1988; Теория управления: Терминология. М., 1988.