«АЛГА» СПОРТ КООМУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:37, 16 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
‒ республикадагы жумушчу жаштарды өз катарына бириктирип турган профсоюздардын ыктыярдуу спорт коому. Коом 1958-ж. уюшулган. Анын 4 коллективине «Спорттук клуб» деген наам берилген, Фрунзе атн. а. ч. машиналарын куруу з-дунун коллективи бул наамга 1-болуп жетишип, 11 күбөлүк алган. Коомдо өткөн мезгилде СССР спортунун 191 чебери, 3617 спорттун чеберлигине кандидат ж-а биринчи разрядчы, 82 миӊден ашык массалык разряддагы спортчу даярдалган. «А.» с. к-да спорттун 26 түрү б-ча секциялар иштеп, 70 миӊге жакын коомдук инструкторлор машыгууларды өткөрүшкөн.