АЛМАЗДУУ АСПАПТАР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:05, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 карата 228-323>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
‒  кесүүчү бөлүгү табигый же синтетикалык алмаздан жасалган жабдыктар. Ага жылмалоочу чарык, өгөө, алмаздуу кескич, кайрактуу (абразивдүү) аспаптарды курчута турган калем ж-а чыгырык (ролик), бургулоо аспаптары кирет. Аларды жасоодо күкүм же кристалл түрүндөгү алмаздар пайдаланылат. Колдонулушуна жараша алмаз күкүмдөрү орг. ийилгич (резиналык), металл ж. б. байланыш тыргычтары м-н бириктирилет. Мында 100%түү кошулманын 1 мм3 катмарында 0,878 мг алмаз болот. Алар м-н катуу куймалар, түрдүү констр-лык (кварц айнеги, карапа ж. б.) ж-а курулуш материалдары (бетон, мрамор, гранит) иштетилет.