АЛКИЛСУЛЬФАТТАР
Jump to navigation
Jump to search
‒ алкилкүкүрт к-тасынын тех. аталышы. Жалпы формуласы: R2OSO3M., мында R‒биринчилик же экинчилик радикал, M‒Na, NH3 ж. б. Сууда эригенде А. коллоиддик эритмени пайда кылат. Алар анча уулуу эмес, эӊ жакшы кир кетиргич заттар, жегич эритмеге, к-тага, шор суунун таасирине туруктуу. Полимерлешүү реакцияларында эмульгатор, полимерлердин антиоксиданттары катары жибекти жумшартууда колдонулат.