АЛИЕВ Капар

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
21:31, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 revision imported) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
Капар (8. 5. 1927, Нарын обл., Тянь-Шань р-ну, Он-Арча айылы ‒ 12. 5. 1970, Бишкек) ‒ журналист, диктор көркөм окуунун Кырг-ндагы негиз салуучусу. Нарындагы мугалимдерди даярдоо курсун бүткөн. Тянь-Шань р-ндагы Жалгыз-Терек, Оттук, Ак-Талаа р-ндагы Осовиахим айыл мектептеринде мугалим, директор (1944‒51). 1951-жылдан Кыргыз радиокомитетинде дикторлук кесипте иштеп, Кырг-нда биринчи болуп жогорку даражадагы дикторлук категорияга жетишкен. Көркөм окуу өнөрүн өмүр бою аркалаган. 1951-жылдан журналисттик кесипке өткөн. «Ленинчил жаш», «Чалкан» журналдарында эмгектенген. 50дөн ашык сатиралары, курч фельетондору жарык көргөн. А. кино ишмери катары да белгилүү. Толук метраждуу фильмдердин, киножурналдардын текстин көркөм окуган. «Жоро» аттуу көркөм фильмде башкарманын ролун аткарган. Котормочу катары бир нече адабий чыгармаларды кыргызча латкан. Анын ысымы м-н туулган айылынын бир көчөсү аталган.