АЛИБИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
21:31, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 revision imported) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
(лат. alibi ‒ башка жерде) ‒ коомго коркунуч

туу жосун жасады деп күнөөлөнүп жаткан адамдын кылмыш жасабагандыгын ырастаган далилдердин болушу же кылмыш жасалган учурда башка жерде болушу. Мындай учурда А. жазык ишиндеги материалдар м-н далилденет же болбосо төгүнгө чыгарылат. А. далилденген учурда ал адам жазык жоопкерчилигинен бошотулат. Тергөөчү адамды актоо ж-а мыйзамсыз кармоонун же камоонун натыйжасында ага келтирилген мүлктүк зыяндын ордун толтуруу б-ча мыйзамда каралган бардык чараларды көрүүгө тийиш. Эгерде мындай чаралар көрүлбөсө, ал адам өзүнө келтирилген материалдык ж-а моралдык зыянды толугу м-н өндүрүп алуу үчүн сот органдарына кайрылууга укуктуу.
К. Бодобаев, К. Курманов.