АЛЁХИН Александр Александрович

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:05, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 карата 228-323>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
 Александр Александрович [19 (31). 10. 1892, Москва ‒ 24.3.1946, Эшторил, Португалия] ‒ шахмат тарыхында дүйнөнүн 4-чемпиону (1927‒35, 1937‒46), шахмат теоретиги ж-а адабиятчы. Санкт-Петербургдагы императордук укук таануу окуу жайын бүтүргөн (1914). Укук б-ча доктор (1925). Шахмат ойноону 6 жашынан баштап, 16 жашында М. И. Чигоринди эскерүүгө арналган Бүткүл россиялык шахмат сүйүүчүлөрдүн мелдешинде (Санкт-Петербург) жеӊишке ээ болгон. 1920-ж. Россиянын шахмат б-ча 1-чемпионатынын жеӊүүчүсү. 1921-ж. Францияга эмиграцияга кеткен. Көптөгөн Эл аралык мелдештердин (Будапешт ж-а Гаагада, 1921, Карлсбада, 1923 ж. б.) жеӊүүчүсү. 1925-ж. көрбөй ойноо б-ча (Париж) бир убакта 27 тактайда ойноп (22 утуш, 3 утулуш, 2 теӊ чыгуу) дүйнөлүк рекорд койгон. 1927-ж. Буэнос-Айресте өткөн дүйнөлүк биринчиликте Х. Р. Капабланканы эки жолу (1929, 1934), Е. А. Боголюбовду жеӊген. А. алп шахматисттердин ичинен дүйнөлүк чемпиондуктан жеӊилбей өткөн улуу оюнчу. «Алехин коргонуусу» ыкмасын иштеп чыгып, шахмат дүйнөсүнө калтырган. Шахмат оюну б-ча бир нече китептердин автору.