АЛЕУТ АРАЛДАРЫ
18:05, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 карата 228-323>KadyrM тарабынан жасалган версия
‒ Тынч океандын түндүгүндөгү 110 аралдан ж-а көптөгөн аскалардан турган архипелаг (АКШ, Аляска штаты). Дого сымал ийилип 1740 кмге созулуп жатат. Аянты 37,8 миӊ км2. Түлкүлүү, Андреяновский, Келемиштүү ж-а Жакынкы аттуу 4 арал тобунан турат. Аралдарынын көбү жанар тоо кону
сунан туруп, карга чүмкөлгөн. 25тей аракеттеги жанар тоо бар. Эӊ бийиги Шишалдина жанар тоосу (2860 м) Унимак а-нда. Субаркти ка шалбаасы, тоолуу тундра өсүмдүктөрү өсөт. Балык, суу жолборс, түлөн уулоочу жай. Куну чарбасы бар. АКШнын Датч-Харбор аскер-деӊиз базасы (Уналашка а.). Аскалары ‒ канаттуулар базары. А. а. алгачкы жолу 18-к-да орус деӊиз саякатчылары тарабынан изилденген. 1867-ж. чейин Россияга таандык болгон (Аляска м-н кошо АКШга сатылып кеткен).