АЛЕКСАНДР НЕВСКИЙ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:05, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 карата 228-323>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
(1221‒1263-ж. чен) ‒ орустун мамл. ишмери, кол башчы, Новгород князы (1236‒51), 1252-жылдан Владимирдин улуу князы. Орустун түн.-батыш жерлерин швед ж-а нем. баскынчылардан коргогон орус аскерлерине башчылык кылган. 1240-ж. 15-июлда Невада ладогалыктар м-н бирге швед баскынчыларын талкалап «Невский» деп аталган. 1241-ж. Новгородду басып кирген ливондук рыцарларды жеӊет. 1242-ж. 5-апрелде нем. атчан аскерлери м-н кнехтердин жөө отряддарын Чуд көлүндө кыйратуу А. Н-ди өз доорундагы эӊ көрүнүктүү кол башчылардын катарына кошкон. Немец рыцарларынын орустарга каршы агрессиясы токтотулган. А. Н. орус жеринин түн.-батыш чек арасын бекемдөөнү улантып, Норвегия м-н тынчтык келишимин түзгөн (1251). Алтын Ордо м-н Рустун ортосунда болуучу тополоӊду алдын ала сезип, Татар хандыгын ынтымакка чакырган. А. Н. тарыхта кылдат ж-а көрөгөч саясатчы, Ата Мекенин коргогон князь ‒ жоокер катары бааланган. 1725-ж. 21-майда ж-а 1942-ж. 29-июлда анын урматына Александр Невский ордени чыгарылган.