АЛЕКСАНДРИЯ СОГУШУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
21:31, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 revision imported) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
(б. з. ч. 48 ‒ 47-ж.) ‒ Александрия ш-нын (Птолемейлер доорундагы Египеттин борбору) тургундарынын Рим императору Юлий Цезарга каршы көтөрүлүшү . Египет падышасы Клеопатра м-н анын тестиер иниси Птолемей XIII Дионистин ортосундагы так талашуу үчүн жүргөн күрөшкө Цезарь кийлигишип, Клеопатранын колдоосу ж-а рим аскер башчысынын Птолемей XIIнин ири өлчөмдөгү карызын шаардыктардын эсебинен кайтарып алуу аракети александриялыктардын нааразычылыгын туудурган. Цезардын 3 миӊге жакын аскерине каршы шаардыктар ж-а падышалык армия көтөрүлгөн. Цезарь Александ рияны ж-а ага жанаша аймактарды ийгиликтүү коргоого жетишкен. Нилдин боюндагы салгылашууда (48-ж.) Цезарга римдик легиондордун жардамга келиши м-н көтөрүлүшчүлөр жеӊилген, жаш падыша Птолемей XIII Дионис курман болгон, Александрия китепканасы өрттөлгөн. Клеопатра Египет тактысына отурган.