АЛЕКСАНДР II

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
21:31, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 revision imported) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
(17. 4. 1818, Москва ‒ 1. 3. 1881, Санкт-Петербург) ‒ Россиянын императору (1855‒81). Николай Iнин тун уулу. 1861-ж. крепостнойлук укукту жоюу ж-дө Манифест жарыялап, анын натыйжасында миллиондогон дыйкандар бошотулган. Мамлекетти башкарууда бир катар реформаларды (сот, цензура, шаар, земство, аскер ишине өзгөртүүлөр киргизүү ж. б.) жүргүзгөн. Өлкөдө темир жол куруу ж.б. өнөр жайлары өнүккөн, флот, армия чыӊдалган. 1863‒64-ж. Польшадагы көтөрүлүштү баскан соӊ, А. II революционерлерге, либералдык ж-а земстволук кыймылдын катышуучуларына каршы чаралар көрүп, бир нече жолу революционер-народниктердин үстүнөн ири саясий сот процесстерин уюштурган. 1870-жылдын аяк ченинен өкмөт тарабынан көп учурларда өлүм жазасына тартуу күч алган. А. IIнин доорунда Россияга Кавказ жерлери (1864), Казакстан (1865), О. Азиянын айрым (1865‒81) аймактары каратып алынган. 1865-ж. Россия империясы Таш

кентти басып алган соӊ, Түркстан облусу (1868-жылдан Түркстан генерал-губернаторлугу) негизделген ж-а жерг. элдерге карата колониячыл саясатын уланткан. 1877-ж. Россия Балкандагы таасирин бекемдөө ж-а славян элдеринин улуттук-боштондук кыймылына жардам берүү максатында Түркия м-н согуш баштаган. А. II бир нече жолку өмүрүнө коркунуч келтирген кол салуулардан кийин (1866, 1867, 1879, 1880), 1881-ж. 1-мартта Петербургда «Народная воля» уюмунун өкүлү таштаган бомбадан каза тапкан.