АЛДАН

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:05, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 карата 228-323>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
‒ Якутиядагы дарыя, Ленанын оӊ куймасы. Уз. 2273 км, алабынын аянты 729 миӊ км2. Становой кырка тоосунан башталып, Алдан тайпак тоосу, Верхояна кырка тоосунун түш. этеги аркылуу агат. Негизги куймалары: Тимптон, Учур, Мая, Аллах-Юнь (оӊ), Амга (сол). Орт. чыгымы 5110 м3/сек . Май ‒ июлда кирип, август ‒ сентябрда ташкындайт. Октябрдан майга чейин тоӊот. Чатынан 1753 кмге чейин кеме жүрөт, балык (осетр, стерлядь) кармалат. Башкы пристандары: Томмот, Усть-Мая, Хандыга.