«АЛГАЧКЫ АДАМДАР ТОБУ»

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
21:30, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 revision imported) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
алгачкы коомдун башталышындагы адамдар жамаатынын шарттуу аталышы. Алар төмөнкү ж-а ортонку палеолит мезгилинде жашап, архантроп (питекантроп, синантроп) ж-а палеоантроп (неандерталь) адамдары пайда болгон доорго туура келет. Бул мезгилде адам баласы айбандар дүйнөсүнөн толук бөлүнүп чыгып, азыркы адамдардын биол. түзүлүшү калыптанган. Жыйноочу

лук, аӊчылык м-н кесиптенишип, таштан, жыгачтан, кийинчерээк сөөктөн одоно түрдө куралдарды (чокмор) жасашкан. Алар жырткыч жаныбарлардан же башка топтогу адамдардан коргонуу үчүн топ-топ (25‒40тай адам) болуп, жылуу жерлерде, үӊкүрлөрдө жашашкан. Отту табигый түрүндө гана пайдаланып, тамакты чала

Алгачкы адамдардын үӊкүр тургун жайы (Кетмен-Дөбө өрөөнү).

бышырып жегенди үйрөнүшкөн, бирок от жагууну билишкен эмес. Бара-бара алардын ичиндеги башаламан никесиз мамилелерге тыюу салынып, алгачкы коомдун башталышы болгон уруу келип чыгат. Бул доордун таш куралдары Индонезия, Кытай, Өзбекстан, о. эле Кырг-ндын Нарын өрөөнүндөгү Онарча суусу, Ысык-Көлдүн Балыкчы ш., Тосор өзөнү, Ош аймагынын Кожо-Бакырган-Сай, Сасык-Үӊкүр ж. б. жерлеринен табылууда.