АЛБАН ТИЛИ
Jump to navigation
Jump to search
‒ Албания Республикасынын мамлекеттик тили. Индевропа тилдеринин тобуна кирет. Болжол м-н палеобалкан тилдеринен (мүмкүн, иллирий тилинен) өнүккөн болуу керек. Жазуу эстеликтеринин эскилери 15-к-га таандык. Негизги диалектилери: гег (түн.) ж-а тоск (түш.) 19-к-дын аягында түзүлгөн, азыркы албан адабий тилинде аталган диалектилик айырмачылыктар сакталган. Жазуу системасы латын алфавитинде, граммат. түзүлүшү ‒ флективдүү. А. т-нде синтетикалык түзүлүш басымдуулук кылат, лексикасында роман, славян, жаӊы грек, түрк тилдеринен кирген сөздөр көп.
К. Саматов.