АЗИМОВ Айзек
АЗИМОВ Айзек (1920, Петровичи, Смоленск губ., азыркы Смоленск обл. – 6. 4. 1992, Нью-Йорк) – америкалык жазуучу‑фантаст, биохимик, илимди жайылтуучу. Колумбия университетин бүткөн (1939), Бостон университетинде сабак берген. 500гө жакын чыгармалардын автору. Биринчи романы – «Асмандагы кичинекей таш» (1950). Ага «Тирек» үчилтиги (1966) атак‑даңк алып келген. «Болот үңкүрлөр» романы (1957) илимий-фантастикалык детектив жанрынын үлгүсү болгон. Чыгармаларында адам менен машинанын өз ара мамилелеринин моралдык проблемалары анализденет. АКШда табият таануунун, тарыхтын, техниканын проблемалары жөнүндөгү ар түрдүү энциклопедиялардын, анын ичинде Библия жана Шекспир боюнча китептердин автору катары белгилүү. Илимий фантастикалык жана илимий-популярдуу дээрлик бардык чыгармалары 1960‑жылдын ортосунан орус тилине которулган.