АДАБИЙ МУЗЕЙЛЕР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
21:46, 28 Январь (Үчтүн айы) 2023 карата Mariya (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АДАБИЙ МУЗЕЙЛЕР ‒ жалпы бир улуттун же өлкөнүн адабиятынын тарыхына, ошондой эле көрүнүктүү жазуучуларынын өмүрүнө, чыгармачылыгына байланыштуу улуттук тарыхый мааниге ээ документтер, кол жазмалар, түрдүү эскермелер жыйналып, сакталуучу маданий жай. Кыргызстанда музейлер 20-кылымдын 20-жылдарында уюшула баштаган. Музейлер элдин тарыхый-маданий мурасын сактоонун жана даӊазалап жайылтуунун негизи болуп эсептелет, алар иш мүнөзү боюнча үч багытта жүргүзүлөт: 1) экспонат чогултуу, эсепке алуу, кайталоо, сактоо, бардык экспонаттарга илимий баяндама жазуу; 2) көрүүчүлөр үчүн даярдалган дайыма иштөөчү, илимий негизделген экспозициялар; 3) элдин маданий, тарыхый мурастарын экспозициялар, көргөзмөлөр, иш-чаралар аркылуу аларды массалык-маалымат каражаттарында (ММК) жарыялоо менен пропагандалоо. Кыргызстанда Токтогул атындагы адабият музейи (Бишкек ш.), А. Осмонов музейи (Панфилов р-ну), Ч. Айтматов музейи (Талас обл.) иштейт.