АДАБИЯТ ТЕОРИЯСЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
23:24, 24 Январь (Үчтүн айы) 2023 карата Mariya (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АДАБИЯТ ТЕОРИЯСЫ ‒ сөз өнөрүнүн табиятын, анын жолдору менен методологиясын, адабий процессти, рухий-эстетикалык баалуулуктарын, анын структурасын жана өнүгүшүнүн жалпы мыйзам ченемдүүлүктөрүн изилдей турган адабият таануу илиминин бир бөлүгү. Ал көркөм адабияттын пайда болуу жана өнүгүү мыйзам ченемдерин, өзгөчөлүгүн, социалдык табиятын жана маанисин изилдеп, адабияттын идеялык-эстетикалык тажрыйбасын теориялык жактан жалпылайт, адабий процесстин түпкүлүктүү мыйзамдарын ачат, адабияттык анализдин жана синтездин принциптерин иштеп чыгат. Адабият теориясы эӊ оболу адабият тарыхы менен байланыштуу өнүгөт. Ал ошондой эле эстетика, адабий сын менен да эриш-аркак байланышта болот. Адабият теориясы өзүнүн теориялык корутундуларын иштеп чыгууда бир чети эстетиканын мыйзам ченемдүүлүгүнө таянса, бир чети адабият тарыхында чогултулган фактыларга таянат. Өз кезегинде адабият теориясынын негизги жоболору адабият тарыхчысы менен сынчынын ишине таасирин тийгизип, жалпы адабий процессти анализдөөнүн принциптерин аныктайт. Адабият теориясынын тарыхы байыркы доордогу (Индостан, Кытай, Байыркы Грек, Байыркы Түрк ж. б.) элдердеги сөз өнөрүнө коюлган талаптардан башталары айтылып келет. Адабият теориясынын башталышында Аристотель менен Абу Наср ал-Фараби ж. б-дын эмгектери турат. Аристотелдин «Поэзия өнөрү жөнүндө» («Поэтика») трактатынын, башка дагы байыркы доордун эстетикасы тууралуу жазган эмгектеринин мааниси чоӊ. Абу Наср ал-Фарабинин «Ыр өнөрүнүн эрежелери» тууралуу трактатынын да орду адабият тарыхында өзгөчө орунду ээлейт. 17‒18-кылымдан баштап Н. Буало, Д. Дидро, Д. Лессинг, И. Гердер, И. Гёте, Ф. Шиллер, 18-кылымдын аягы‒19-кылымдындын башында немец философтору И. Кант, И. Фихте, Ф. Шеллинг, Г. Гегель ж. б. адабият таануудагы баштоочтордон болгон. Россияда М.В. Ломоносов, Д. Н. Радищев, В. Г. Белинский, Н. Г. Чернышевский, А. Н. Дорболюбов, А. Н. Герцен ж. б. адабият теориясынын өнүгүшүнө чоӊ салым кошушкан. Бүгүнкү замандын адабият таануусуна көз салсак, сөз өнөрүнүн теориялык деӊгээлин жогору бийиктикке көтөргөн америкалык илимпоздор Р. Уэллек менен О. Уоррендин «Адабият теориясы» (1949) деген эмгеги болду. Ал түрк (1960), орус (1978) ж. б. тилдерге которулду. Орус адабият таануу илиминде Адабият теориясы боюнча Б. В. Томашевскийдин, Л. И. Тимофеевдин ж. б. эмгектери белгилүү. Адабият теориясын иликтөө ишинде Казакстандын, Кыргызстандын адабиятчыларынын өз салымдары бар. Мис., казак илимпоздору К. Жумалиевдин «Адабият теориясы» (1969), Е. Ысмаиловдун «Адабият теориясы» (1940), З. Кабдоловдун «Сөз өнөрү» (1982), З. Ахметовдун «Өлөӊ сөздүн теориясы» (1973) ж. б. кыргыз адабиятынын теориялык маселелери боюнча Т. Саманчиндин, Б. Керимжанованын, К. Рахматуллиндин, И. Рысалиевдин, М. Борбугуловдун, К. Асаналиевдин, Р. Кыдырбаеванын, А. Садыковдун ж. б. эмгектери бар.

Ад.: Садыков А. Адабият теориясы. Б., 2002.