АК-САЙ - тарыхый топоним

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:46, 18 Январь (Үчтүн айы) 2023 карата Nurjan (Талкуулоо | салымдары) (Nurjan moved page АК-САЙ 2 to АК-САЙ - тарыхый топоним) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АК-САЙ ‒ жердин аты, тарыхый топоним. Махмуд Кашгари (11-к.) анын Уч (азыркы Үч-Турпан) округунун аймагына жакын экенин билдирет. О. кылымдагы ад-ттарда А. С-га чектеш же жакын жаткан Торугарт ашуусу, Ат-Башы ш., Арпа-Йасы талаасы, Таш-Рабат кербен сарайы ж. б. аталат. Буга караганда байыркы А.-С. азыркы А.-С. сыртына туура келери шексиз. А.-С. өрөөнүн жерг. көчмөн эл эзелтен эле пайдаланып келген. Көк-Аргын менен Сары-Иймек- тен табылган неолит мезгилинин буюмдары буга ачык далил боло алат.