АБАКИРОВ Барктабас

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:36, 16 Январь (Үчтүн айы) 2023 карата Mariya (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АБАКИРОВ Барктабас (2. 5. 1933, Нарын обл., Кочкор р-ну, Төрт-Күл айылы – 26. 5. 2006, Бишкек) – акын, журналист, коомдук ишмер, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер (1983). Бишкектеги К. И. Скрябин атындагы Айыл чарба институтун (1955), Москвадагы Жогорку партиялык мектептин журналистика бөлүмүн (1970) бүткөн. 1963-ж. «Советтик Кыргызстан», 1963–68-ж. райондук «Эмгек туусу», 1971–80-ж. облустук «Нарын правдасы» гезитинде башкы редактор, 1983-ж. «Кыргызстан» басмасында директор, 1987-ж. «Кыргызстан айыл чарбасы» журналында башкы редактор, 1987-жылдан КРдин Маданият министрлигинде жетектөөчү редактор болуп иштеген. «Чаарчык» аттуу туңгуч ырлар жыйнагы 1961-ж. жарыкка чыккан. Ал «Сапар» (1965), «Тоо таңы» (1968), «Бийик жерде» (1970), «Нарын агат» (1973), «Жылдар барагы» (1978), «Күтүү» (1979), «Соң-Көл толкуну» (1982), «Элүүнчү жаз», «Нарын күндөрү», «Арча бешик» (1985), «Өмүр кадамдары» (1989), «Манасчы Сагымбай» (1993), «Кыргыз үнү» (1997) аттуу китептердин автору. Лирикаларында, публицистикалык поэмаларында бийик граждандык пафос, терең социалдык мазмун ачык туюлат. Анын 200дөн ашык ырларына музыка жазылган. Китептери орус, казак тилдерине, көптөгөн ырлары дүйнө элдеринин тилдерине которулган. М. Ю. Лермонтов, С. Есенин, Р. Гамзатов, М. Турсун-Заде, Д. Кугультинов, Б. Степанюк, В. Бээкман ж. б. акындардын ырларын кыргызчага которгон. «Ардак Белгиси» ордени ж-a медалдар менен сыйланган. Ж. Медералиева.