АК-ДӨБӨ - Талас облусундагы кыштак
АК-ДӨБӨ - Талас обл‑нун Бакай‑Ата р‑ндагы кыштак. Ак-Дөбө айыл аймагына караштуу. Талас – Тараз (Казакстан) автомобиль жолунун боюнда, Талас д‑нын сол жээгинде, деңиз деңг. 1070 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Бакай‑Ата кыш‑нан 13 км түн.-чыгыш тарапта. Тараз (Казакстан) темир жол бекетинен 95 км. 1891‑ж. отурукташкан. Калкы 4290 (2009); негизинен дыйканчылыкта жана мал чарбасында эмгектенет. Талас д‑нан чыгарылган Чоң Талас каналы айылды батыш тарабынан кесип өтөт. Эки орто мектеп, китепкана, бала бакча, амбулатория, турмуш‑тиричилик комбинатынын бөлүмдөрү бар. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган. Жеке менчик «Боорукер» үйү ачылган (1994; үй ээси А. Боромбаев). Анда кароосуз калган кары‑картандар багылат. Кыштакта КРнын эл сүрөтчүсү Т. Герцен туулган.