АК-ДӨБӨ - Жети-Өгүз районундагы кыштак
10:51, 13 Январь (Үчтүн айы) 2023 карата Nurjan (Талкуулоо | салымдары) (Nurjan moved page АК-ДӨБӨ to АК-ДӨБӨ - Жети-Өгүз р-нундагы кыштак.) тарабынан жасалган версия
АК-ДӨБӨ – Ысык‑Көл обл‑нун Жети‑Өгүз р‑ндагы кыштак. Ак‑Дөбө айыл аймагына караштуу. Ысык‑Көл өрөөнүнүн түш. чыгышында, Оргочор дөңсөөсүнүн чыгыш этегиндеги түздүктө, деңиз деңг. 1690 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Кызыл‑Суу кыш‑нан 20 км түн.-чыгыш тарапта, Балыкчы темир жол бекетинен 208 км. Калкы 1179 (2009); негизинен мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, клуб, бала бакча, ФАП бар.