АВДИЙ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:48, 9 Январь (Үчтүн айы) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АВДИЙ (евр. Обадия – Кудайдын кызматкери) – 12 кенже пайгамбардын бири; Авдий аттуу библия китебинин автору. Болжол менен б. з. ч. 6–5-к-да жашап өткөн. А. китеби пайгамбар Иереминин китебине окшошурак жана майдаланып бөлүктөргө ажырайт: туугандарды өлтүргөн араздыгын туудурган Едомдун айыбын ачуу жана анын соттолушу; Едомду адилеттүү жазалоо; Кудайдын күнү жана бардык элдердин үстүнөн Кудай сотунун жүрүшү. А. Израилдин Ыйык жерди бийлөөсү калыбына келтирерлигин жана ал жер Кудайдын кудуретинин болочок бейнеси болот деген. А. мындай деп белгилеп кеткен: элдердин келечеги боло турганы алардын ыймандык абалына жараша болот. А-ди эскерүү күнү православиелик чиркөө Улуу посттун биринчи жумасы 19-ноябрда (2-декабрда) белгиленет.