АБИЛДАЕВ Болот Ералханович

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:02, 9 Январь (Үчтүн айы) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АБИЛДАЕВ Болот Ералханович (6. 11. 1963-ж. т. , Талас обл., Киров айылы каякта ) – экон. илимд. доктору (1998), КРСУнун ардактуу доктору, КРдин Эмгек сиң. экономисти, КРдин 2-класстагы мамл. кеңешчи. советниги. 1985-ж. КМУнун экономика факультетин бүтүргөн. Эмгек жолун КРдин Борбордук статистика башкармалыгында иштеп баштаган. 1986–87-ж. Кыргыз ССР Мампландын эсептөө борборунда улук экономист. 1987–90-ж. Н. А. Вознесенский атн. Ленинград финансы-экономика ин-ттунда аспирант. 1990–91-ж. Москвадагы СССР ИАга караштуу ил.-өндүрүштүк бирикменин коммерциалык директору. 1991–93-ж. Кыргыз товардык-чийки зат биржасынын вице-президенти, 1993–96-ж. бир катар коммерциялык компанияларда жетекчи кызматтарда. 1996-ж. Мамлекеттик салык инспекциясында башкы инспектор, 1997-ж. Свердлов р-ндук регионалдык казынанын башчысы. 1999–2000-ж. КРдин финансы министрлигине караштуу Мамл. бажы инспекциясынын “Түндүк “ темир жол бажысынын начальниги, 2001-ж. КРдин финансы министрлигинин борбордук казнасынын директору, 2002–05-ж. КРдин финансы министри. 2005-ж. “Газпром” ААК Башкармалыгында орун басардын советниги, 2006-жылдан “Газпром Нефт Азия” ОсООнун генералдык директору, 2008–15-ж. КРдеги “Газпром” ААКтын Өкүлчүлүгүн да жетектеген. 2014-жылдан “Газпром Кыргызстан” ОсООнун генералдык директору. А. Россиянын “Звезда Содуружество”, Афганстан ветерандар союзунун “За заслуги” ордендери ж. б. медалдар менен сыйланган.