АБДЫМАЛИКОВ Кыдыр

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:31, 9 Январь (Үчтүн айы) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АБДЫМАЛИКОВ Кыдыр (1938-ж. т., Ысык-Көл обл., Түп р-ну, Күрмөнтү айылы) - экономист, экономика илимд. доктору (1990), проф. (1992). КАЧИни (1965), Кыргыз ССРинин ИАнын экон. инст.-нун аспирантурасын (1970) бүтүргөн. КРдин Айыл чарба министрлигинде зоотехник, Башкы башкармасынын начальниги, КРдин УИАнын ЭИде ил. кызматкер, жайыттар жана тоюттандыруу б-ча Кыргыз ИИИде бөлүм башчы, Кыргыз МИИИде бөлүм башчы, Кыргыз айыл чарба ун-тинде кафедра башчысы, 1997-жылдан И. Раззаков атн. КТУда кафедра башчысы. Агрардык экономика (мал чарбачылык) б-ча адис. ИОдон ашуун ил. иштери жарык көргөн. Негизги эмгектери Кыргыз Респ-касында рынок мамилелерин жана өндүрүштү калыптандырууга, респ-дагы экон. реформаны турукташтыруу маселелерине жана анын макроэкон. көрсөткүчтөрүнө арналган.



Эмг.: Концепция формирования рыночных отношений и производства Республики Кыргызстан. Б., 1993.