АБА ЫРАЙЫ БОЮНЧА БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК МААЛЫМАТ КЫЗМАТЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:02, 9 Январь (Үчтүн айы) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АБА ЫРАЙЫ БОЮНЧА БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК МААЛЫМАТ КЫЗМАТЫ – тез байланыштыруучу каналдар менен туташтырылган дүйнөлүк жана аймактык (улуттук) метеорол. борбордон туруучу система. Анын максаты – улуттук метеорол. кызматтын ишин жеңилдетүү жана жакшыртуу үчүн бүт жер шарындагы аба ырайы ж-дө маалыматтарды топтоо жана аларды аныктоону борборлоштуруу. Борбордо материал. топтоо жана аныктоо жумуштары автоматташтырылган түрдө жүргүзүлүп, жерг. метеорол. кызматтар үчүн даяр карталарды, күндөлүк жана боло турган аба ырайы, океандын абалы ж-дөгү маалыматтарды таратып турат.