«АППЛЕ»
Jump to navigation
Jump to search
«АППЛЕ» (Эпл) (англ. Apple Computer corporation) – микропроцессор, жеке компьютер, серверлерди өндүргөн жана бул багыт б-ча алдынкы орунда туруп, компьютер үчүн иштетүү системаларын, программалык жабдыктардын кеңири номенклатурасын иштеп чыккан корпорация. АКШда түзүлгөн. «А» компьютери жогорку мүмкүнчүлүктөргө ээ, тейлөөсү жөнөкөй. «А» компьютерин иштетүү системаларынын кеңири белгилүүлөрү UNIX, Copland жана MacOS. «Apple кызматташтыгынын ачык чөйрөсү» колдонмо процесстердин АОСЕ аттуу интерфейс тобун жарыялаган, ал кеп (речь) почта жана электрон почтасын, электрон таблицасын, факс байланышын, радио чакыруу түзүлүшүнүн иштешин колдойт, о. эле тармак компьютерлерин сунуш кылат.