«АЛА-ТОО» АЯНТЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:56, 9 Январь (Үчтүн айы) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

«АЛА-ТОО» АЯНТЫ‒ шаардын башкы салтанат аянты. А. Орозобеков ‒ А. С. Пушкин ‒ И. Раззаков ‒ Киев көчөлөрү менен чектешет. Аянт аркылуу шаардагы ири көчөлөрдүн бири Чүй проспекти өтөт. Аянттын курулушу 1984-ж. Кыргыз ССРинин жана Кыргызстан Компартиясынын 60 жылдыгынын урматына бүткөрүлүп, анда 14-

Ала-Тоо аянты.

октябрда шаар эмгекчилеринин юбилейлик майрамдык демонстрациясы өткөн. Аянттын арх-лык композициясынын өзөгүн «Эркиндик» монументи (2003, скульптору Т. Садыков) түзөт. Эстеликтин түбүнө өкмөттүк трибуна орнотулган. Чүй проспекти менен Киев көчөсүнүн ортосун да бири бирине симметриялуу жайгашкан 4фонтандын аралыгына концерт, салтанаттуу чогулуш ж. б. иш-чаралар өткөрүлүүчү чатыр-сахна курулуп, ал чыгышынан жана батышынан аркадалуу имараттар, түштүгүнөн Киев көчөсүнө туташуучу тепкичтер менен курчалган. Бул арх-ралык ансамблге Кыргыз мамлекеттик тарых музейинин имараты (1985), «Достук үйү», «Достук» монументи (1974), мамл. туунун флагштогу кирет. Аянттын арх-лык композициясынын авторлору: арх. Г. П. Кутателадзе, И. Д. Кадырбеков, В. В. Лызенко, Н. Н. Уллас, А. Т.Горемыкин, А. М. Нежурин, Ю. А. Чубаров, И. К. Камбарбаев, И. И. Лихтеров.